Конституциянын жаңы долбоорунда илим жана технологиялык өнүгүү Казакстандын мамлекеттик артыкчылыгына айланат. Премьер-министр Олжас Бектенов илим маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчысы жаңы Баш мыйзам долбоорун ачык жана так түшүндүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Документте коомдо болуп жаткан пландалган саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр көрсөтүлүп, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы багыттары, анын ичинде билим, илим жана инновация тармагындагы артыкчылыктар белгиленгени айтылды.
Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын
Премьер-министри:
- Жаңы Конституциянын долбоору
Казакстандын узак мөөнөттүү өнүгүү багытын аныктаган, социалдык адилеттүүлүк
жана укуктук теңдик сыяктуу өтө маанилүү баалуулуктарды камсыз кылган
прогрессивдүү документ. Ошондой эле Казакстан Республикасы адамдык капиталды, билимди,
илимди, инновацияны өнүктүрүүнү мамлекеттик ишмердүүлүктүн стратегиялык багыты
деп тааный турганы ачык айтылган. Глобалдык деңгээлдеги өзгөрүүлөр, жогорку
технологиялардын тез өнүгүшү жана «орто державалардын» ролунун жогорулашы
шартында конституциялык реформанын өз убагында жасалган заманбап кадам экенин
белгилегим келет.
Талкуунун жүрүшүндө илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жаңы Конституциянын долбоорун колдоп пикирлерин билдиришти. Илимди мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи катары топтоштуруу боюнча демилгелер өзгөчө белгиленди. Белгилей кетсек, акыркы үч жылдын ичинде республикалык бюджеттен илимди каржылоо көлөмү 3,5 эсеге көбөйүп, быйыл 214 млрд теңгени түздү. Президент 2029-жылга карай бул көрсөткүчтү ИДӨнүн 1% чейин жеткирүү милдетин койду.
Акылбек Күрүшбаев, Улуттук
Илимдер Академиясынын президенти:
- Азыркы өзгөрүүлөрдүн логикасы
эмнеде? Азыркы глобалдык өзгөрүүлөр эл аралык стандарттар, баалуулуктар өзгөрүп
жаткан мезгилде Казакстан күчтүү система куруусу керек. Ал эми күчтүү
мамлекеттик система куруу үчүн, албетте, мыйзамдар өзгөрүшү керек, мыйзам да
күчтүү болушу керек. Анын ичинде биринчи кезекте Баш мыйзамыбыз. Буга
байланыштуу чоң өзгөрүүлөр бар, бул мамлекеттин эртеңки күнүн ойлогон иш-аракет
деп билүүгө болот.
Ошондой эле, жыйында Илимди топтоштуруу аймактарын түзүү жана өнүктүрүү концепциясы талкууланды. Буга байланыштуу илим академиясы сунуштаган технологиялык өнүгүүнүн артыкчылыктарын аныктоонун жаңы моделин компетенттүү министрлик жалган куран айынын 1не чейин карап чыгышы керек. Тармактык органдарга ушул мөөнөткө чейин технологиялык жана өндүрүштүк милдеттерди чечүү жана колдонмо илимий иштеп чыгууларды киргизүү боюнча жол карталарын бекитүү милдеттендирилди. Ал эми Улуттук илимдер академиясына чын куран айынын 1не чейин Илим-технологиялык форсайт борборун түзүү жүктөлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

