Казакстанда 2030-жылга чейинки транспорттук-логистикалык дараметти өнүктүрүү концепциясынын алкагында 5 транс чек аралык хаб ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында өлкөнүн соода жана интеграция министри билдирди. Арман Шаккалиевдин маалыматы боюнча, Жетису, Жамбыл, Батыш Казакстан, Маңгыстау жана Түркестан облустарында чек арага жакын соода-экономикалык борборлордун тармагын түзүү иштери колго алынган. Бүгүнкү күндө ушул бардык 5 хаб боюнча башкаруучу компаниялар аныкталып, техникалык документтери иштелип чыгууда. Инженердик жана өндүрүштүк инфраструктуранын курулушу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле чет элдик инвесторлордун топтому калыптанды. Соода-логистикалык хабдардын аймагына темир жол жана автоунаа жолдору салынды. Мындагы максат өлкөнү Борбордук Азиянын негизги транспорттук-транзиттик түйүнүнө айландыруу.
Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:
- Азыр транзиттик багыттар жана инвестициялар үчүн атаандаштык күчөп жатат. Буга байланыштуу бизге жер үстүндөгү транспорттук инфраструктураны, өнөр жай кооперациясын жана соода түйүндөрүн тез арада өнүктүрүү зарыл. Транс чек аралык хабдарды толук ишке киргизүү жүк ташууну кыйла кыскартып, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырууга, өндүрүш көлөмүн, салыктык түшүүлөрдү жана экспортту көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Системалуу түрдө карасак, бул долбоорлор капиталды жана жаңы өндүрүштөрдү тартуу борборлоруна айланат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

