Мажилистин
төрагасы Ерлан Кошанов баштаган Элдик Конституция үчүн Жалпы улуттук коалициясы
Жаңы Баш мыйзам долбоорунун эрежелерин түшүндүрүү максатында аймактарда
масштабдуу маалыматтык өнөктүктү улантууда. Кезектеги жолугушуу Түркестан
облусунда өттү. Кыймылдын өкүлдөрү алгач аймактын локомотив депосунун темир
жолчулары менен жолугушту. Жыйында туруктуу жумуш менен камсыз кылуу,
коопсуздук жана эмгек адамына урмат көрсөтүү маселелери боюнча сөз болду.
Жолугушууда катышуучулар адистерди колдоо – тармактын туруктуу өнүгүүсүнүн
маанилүү шарты экенин белгилешти. Делегация «Шага» индустриялык паркына, айылга,
ошондой эле Түркестан шаарынын конгресс-холлуна барып, эл менен баарлашты.
Коалиция мүчөлөрү жарандар менен өнөр жайды өнүктүрүү, бизнести колдоо
маселелерин талкуулашты. Ошондой эле алдыдагы референдум жөнүндө пикир алмашып,
тарыхый салттар менен руханий баалуулуктардын өлкө биримдигин чыңдоодогу жана
мамлекеттин андан ары өнүгүшүнө таасир этүү маанисине токтолушту.
Рухабза
Халдарбек, «Дара муун» коомдук фондунун мүдүрү:
– Жалпысынан, коомдо
кеңири талкууланып жаткан жаңы Конституцияга өз ой-пикиримди кошкум келет.
Албетте, Конституцияда берене көп. Бирок, үй-бүлө иштери, багытында иш алып
барган адис катары мен үчүн 30-беренеси өзгөчө. Себеби, жаңы Конституцияда
үй-бүлө түшүнүгү так көрсөтүлгөн. Бул жерде эң башкысы мамлекет тарабынан
корголгон үй-бүлө деген түшүнүктү күчөтүүгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

