Быйыл Казакстанда Нооруз санарип форматта белгиленүүдө. Бүткүл өлкөдө улуттук спорттун түрлөрү боюнча VR-оюндары өткөрүлдү. Ошентип, «Улуу талаа оюндары» - виртуалдык мейкиндикке көчүп, заманбап технологияларды, салттарга болгон урматты жана жаштардын атаандаштык рухун бириктирди. Мисалы, Өскеменде мектеп окуучулары жана студенттер атайын көз айнектердин жардамы менен өткөнгө сүңгүп кирип, жаа атуу, чүкө атуу жана тогуз коргоолду өздөштүрө алышты. Ал эми салттуу ат чабыштын ордуна учкучсуз учуучу аппараттардын жарышы уюштурулду. Эң башкысы – көптөгөн оюндарды балдар өздөрү иштеп чыгышкан. Ошентип, Нооруз салттардын майрамы гана эмес, жаңы идеялардын аянтчасына айланууда.
Маргарита Ханжарова, IT-лицейдин окуучусу:
– Казакстанда ушундай санариптештирүү жүрүп жатканы абдан кубандырат. Технологиялар өркүндөтүлүп жатканы да жакшы. Жаштарга эң негизгиси, жөн эле айтып бербестен, башкарууда өздөрүн сынап көрүүгө практика жүзүндө мүмкүнчүлүк берип жатышат. Албетте, чоң, турукташтырылган дрондорду башкарууга өтүүнү каалайм.
Дидар Муратулы, «Oskemen Hub» борборунун мүдүрү:
– Бүгүнкү күндө биздин эң башкы максатыбыз – маданиятыбызды виртуалдык, толукталган реалдуулукта кайра жаратуу, жаштарыбызга IT-технологияларды өнүктүрүүгө жакшы шык жана түрткү берүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

