Улуттук курултай – эффективдүү диалог аянтчасы

Улуттук курултай – эффективдүү диалог аянтчасы

Улуттук курултай өлкөдө бешинчи жыл өтүп жатат. Бул конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн абройлуу аянтча өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Чечимдер мыйзамдарда, мамлекеттик демилгелерде жана социалдык өзгөрүүлөрдө тажрыйба жүзүндө ишке ашууда. Эске сала кетсек, Курултайды түзүү тууралуу Жарлыкка 2022-жылдын кулжа айында Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Ошондо Улытауда тил маселесинен тартып, мамлекеттик аппараттагы кадр саясаты, тарыхый мураска жана коомду өнүктүрүү идеяларын иштеп чыгууга чейин көптөгөн маанилүү маселелер козголгон. Биринчи курултайдын жыйынтыгы Республика күнүн улуттук майрам макамында калыбына келтирүү болду. Экинчи Улуттук курултай бир жылдан кийин Түркестанда – Казакстандын руханий борборунда болуп өттү. Бул жерде чек арага жакын - Катон-Карагай, Маркакөл жана Маканчи райондорун калыбына келтирүү чечими кабыл алынган. Ошондой эле мамлекеттик символдорду өркүндөтүү, маданий мурасты сактоо, билим берүү жана жаштарды тарбиялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 

Жанарбек Ашимжан, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Түркестанда өткөн Курултайда Мамлекет башчысы «Китеп окуган улут» деген масштабдуу концепцияны жарыялады. Анын алкагында биз атайын жумушчу топ түздүк, ар бир багыт боюнча ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыктык. Учурда Костанай, Караганды облустарында жана Шымкентте «Китеп окуган улут» долбоорунун конкреттүү механизмдери жана пландары ишке киргизилип жатат. Аны пилоттук долбоор катары ишке ашыруу 2025-жылдын аяк оона айында башталган.

Атырауда 2024-жылы өткөн жыйындын жыйынтыктары да маанилүү болду. Анда тогуз мыйзам кабыл алынган. Алардын ичинде аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кумар оюндарына каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдар бар. Ал эми өткөн жылы Бурабайда өткөн масштабдуу жыйында санариптештирүүгө жана жасалма интеллектке, энергетиканы, транспорт тармагын, туризмди, илимди өнүктүрүүгө басым жасалып, жашоонун дээрлик бардык тармактары камтылды. Ошондой эле Алматынын жана Курчатовдун жанында илимий шаарчаларды түзүү боюнча да сөз болду.


Каримбек Курманалиев, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Улуттук курултайдын мүчөсү:


- «Илим жана жаңы технологиялар» жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы өзгөчө мааниге ээ. Жалпысынан алганда, билим берүү менен илимди экинчи орунга койгон өлкө биринчи орунга чыга албайт деген принцип бар. Ушул контекстте биз Мамлекет башчысынын билим берүү менен илимди өнүктүрүүгө болгон мамилесин, ошондой эле бул тармакка көрсөткөн колдоосун белгилейбиз. Эгерде мурда Улуттук илимдер академиясы иш жүзүндө коомдук уюм болсо, бүгүнкү күндө ал Президенттин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын макамына ээ болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков