Казакстанда ири пахта кластери түзүлөт. Ал Борбор Азиядагы эң ири пахта өстүрүү комплекси болот. Кытайлык компания долбоорго 200 миллиард теңгеден ашык инвестиция салууга ниеттенүүдө. Түркестан облусунда чийки затты өстүрүүдөн баштап даяр кийимдерди чыгарууга чейин толук масштабдуу өндүрүштүк ишкана түзүлөт. Тиешелүү токтомго өлкө премьер-министри кол койду. Бул ишкананын жалпы аянты 60 миң гектарды түзөт. Жаңы кластердин түзүлүшү пахта өндүрүшүн алдыңкы технологиялар менен жаңылоого жол ачат. Бул жерде тамчылатып сугаруу жана жер семирткичтерди чачуу боюнча заманбап системалар, 200 насостук станция, ошондой эле 500 чакырымдан ашык сугат жана бөлүштүрүүчү каналдар курулат. Адистер жаңы ыкмалардын аркасында өнүмдүн түшүмү жана сапаты бир топ жогорулай турганын айтышат. Уникалдуу масштабдуу долбоор атамекендик текстиль өнөр жайынын өндүрүштүк дараметин чыңдоого жана Казакстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Түркестан облусу мамлекеттеги пахта чарбачылыгынын ири борбору болуп эсептелет. Аймактагы жалпы айдоо аянтынын 16%ы ушул өсүмдүктү өстүрүүгө бөлүнгөн. Быйылкы сезондо облус боюнча 144 миң гектар аянтка пахта эгилип, түшүм жыйноо иштери толук аяктады. Рекорддук 428 мин тонна чийки зат жыйналды. Эми дыйкандар өнүмдү экспорттоону пландап жатышат.
Алибек Плалов, Түркестан облусттук айыл чарба башкармасынын башчысынын орун басары:
- Биздин негизги максатыбыз – даяр өнүмдү кайра иштетүү жана экспорттоо. Бул өз кезегинде, биринчиден, айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртат. Экинчиден, баанын туруктуулугуна таасирин тийгизет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

