Казакстанда
суу тармагын санариптештирүү тездетилүүдө.
Бул тууралуу Өкмөттүн жыйынында Премьер-министрдин орун басары – жасалма
интеллект жана санариптик өнүгүү министри Жаслан Мадиев билдирди. Анын айтымында,
Суу ресурстары жана ирригация министрлиги менен биргеликте Трансформациянын
санарип картасы бекитилген. Ал сууну ачык эсепке алууга, жоготууларды
кыскартууга жана пландаштыруунун сапатын жогорулатууга багытталган. 9
бизнес-процессти кайра инженердик жактан иштеп чыгуу жүргүзүлдү – электрондук
форматка өтүүнүн эсебинен процедуралар жарымынан көбүрөөк кыскартылды. Бүгүнкү күндө суу ресурстары
тармагында 24 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеткиликтүү, бардыгы онлайн. Негизги
долбоор – Суу ресурстарынын улуттук маалыматтык системасы. Ал 11 мамлекеттик
системанын маалыматтарын бириктирет, аналитиканы жана болжолдоону киргизет.
Долбоор жалпысынан электрондук өкмөттүн стандарттары боюнча иштелип чыгууда,
аны жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландаштырылууда. Ошол эле учурда
электрондук келишимдердин жана сууну керектөөнү болжолдоонун системасы
киргизилип жатат. Белгилей кетсек, суу ресурстарын башкаруу жаатындагы ата
мекендик санариптик чечимдер өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп, республиканын
чегинен тышкары чыгууда. Кийинки жылдан баштап спутниктик маалыматтарга, Big
Data жана жасалма интеллектке негизделген AgriTech-платформаларды Борбордук
Азия өлкөлөрүнө жайылтуу мерчемделүүдө.
Жаслан Мадиев, Премьер-Министрдин
орун басары, Санариптик өнүгүү министри:
- 2025-жылы
долбоорлор 2 өлкөнү камтыды: Өзбекстан, Казакстан Республикасынын Түркестан
жана Жамбыл облустарында ишке ашырылган долбоорлор. Бул жылы долбоор кеңейип,
Казакстандын бүткүл аймагын камтыйт. 2026-жылга карата Борбордук Азияда кызмат
көрсөтүүлөрдү кеңейтүү пландаштырылууда – бул Өзбекстан, Кыргызстан жана
Тажикстан, трансчегаралык суу ресурстары боюнча спутниктик маалыматтарды алмаштыруу
эл аралык платформаны ишке киргизүү, ошондой эле Big Data жана ML-чечимдерин
өнүктүрүү.
Өлкөдөгү санариптик чечимдерге параллелдүү түрдө
экономиканын бардык тармактарында суунун эффективдүүлүгүнө көңүл буруу
күчөтүлүүдө. Айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү технологиялар активдүү киргизилип
жатат - өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алар 150 миң гектар аянтта колдонулду. Мындан
аркы багыт - сууну үнөмдөө жана кайра колдонуу: 2030-жылга чейин үлүштү эки
эседен ашык көбөйтүү пландаштырылууда.
Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана
ирригация министри:
- Жаңы
Суу кодекси ишканаларды сууну кайрадан пайдаланууга баскычтуу түрдө өтүүгө
милдеттендирет. Буга жети жыл берилет: эки жыл даярдыкка жана дагы беш жыл ишке
киргизүүгө. 2030-жылга чейин сууну кайрадан пайдалануу үлүшү 13 пайыздан 28
пайызга чейин көбөйүп, болжол менен бир жарым миллиард кубометр суу ресурстарын
үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

