Сербиянын президенти Астанага расмий сапар менен келди. Александр Вучичти борбор калаанын аэропортунан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды. Сербия президентинин Казакстанга расмий сапарынын алкагында саясий диалогду андан ары чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды жана маданий-гуманитардык маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

