Social Startup 2025 программасынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Social Startup 2025 программасынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Казакстанда Social Startup 2025 программасынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Ал социалдык багыттагы жаңы долбоорлорду колдоого багытталган.Катышууга өтүнмө берген 153 стартап командасы тажрыйбалуу серепчилердин жардамы менен эки ай бою өз демилгелерин өнүктүрдү. Мыкты демилгелерди ишке ашырууга Назарбаев Университетинин Impact Foundation фонду 10 млн теңгеге чейин грант сунуштады. Натыйжасында, инновациялык жаңылыгы, илимий негизи, социалдык пайдасы жана экономикалык жашоого жөндөмдүүлүгү сыяктуу 4 талапка жооп берген 10 мыкты стартап тандалды. Алардын ичинде жасалма интеллекттин жардамы менен инсульттан кийинки колдоо, балдарга виртуалдык логопед, чакан бизнестин ири корпорациялар менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, жаңы экологиялык материалдар өндүрүшү сыяктуу жаңы демилгелер бар.

 

Асхат Адхамов, стартап жетекчиси:

 

- Ири корпорациялар жасалма интеллектти колдонуу үчүн миллиондогон каражат бөлө алат, ал эми чакан жана орто бизнесте мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептүү биз өз долбоорубузду сунуштадык. Анын жардамы менен атайын адистиги жок катардагы жеке ишкер, карапайым азаматтардын бардыгы өз бизнесине керектүү жасалма интеллектти пайдалана алат. Ушул долбоордун жардамы менен биз өз стартапыбызды каржылоо мүмкүнчүлүгүн алдык. Утуп алган гранттан бөлөк 500 миң доллар инвестиция тартып, компаниябыздын наркы 5 млн долларга жетти.

 

Саят Нүсипов, Nu Impact Foundation башкарма төрагасы:

 

- Социалдык долбоорлорго биз грант беребиз, алар ошол иштерин жасашат да, ошону менен бүтүп калат. «Social Startup» деген социалдык пайданы да жасашы керек, каржыланып өзүнө акча табышы керек, ал долбоор ары карай уланууга тийиш. Мөөнөтү узарышы керекОшондуктан, социалдык пайдасы да көбүрөөк болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков