Акылдуу жана автономдуу транспорт үчүн инженерлерди SMART Driving Technology борборунда даярдай башташат. Бул казак-кытай долбоору Өскемендеги техникалык университеттин Лу Бан чеберканасынын базасында ишке кирди. Илим жана жогорку билим берүү министрлиги белгилегендей, стратегиялык аянтчада сенсордук системалар, жасалма интеллект жана башкаруунун санариптик платформалары жаатындагы иштеп чыгуулар болот. Борбор аймактын илимий-технологиялык потенциалын күчөтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Анын ишке киришинин аркасында жаңы адистик пайда болду — транспорттук машина курууда SMART-технологиялар жана жасалма интеллект. Бул Казакстандык жана чет элдик абитуриенттер үчүн окуу жайдын тартыдуулугун жогорулатууда.
Гульзат Кобенова, илим жана жогорку билим берүү вице-министри:
- Ошондуктан, биз бул инженердик борбордун базасында билим берүү гана эмес, илимий долбоорлор да ишке ашырылышын каалайбыз. Бизди дагы да жогорку эл аралык деңгээлге алып чыксын.
Мурат Муздыбаев, Д.Серикбаев атындагы түндүк казакстан техникалык университетинин профессору:
- Студенттер бул жерде технологиялар менен таанышып, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп, тиешелүү билимдерге ээ болушат. Алардын адистиктерине болгон талап ушунчалык жогору болгондуктан, окууну аяктагандан кийин дароо жумушка орношо алышат. Биз мындай суроо-талапка даярбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

