Шайлоо участкаларында майрамдык маанай өкүм сүрдү

Шайлоо участкаларында майрамдык маанай өкүм сүрдү

Бүгүн референдум участкаларында улуттук колоритте өзгөчө майрамдык маанай өкүм сүрдү. Алсак, №60 участкасында салттуу жасалгалар, оймо-чиймелер жана кооздуктар менен жасалгаланган. Эң негизгиси, бул жерде жаркын маданий программа даярдалган. Шайлоочулар үчүн белгилүү казак ырлары менен концерт тартуулаган ардагерлердин элдик хору ырдалды. Көптөгөн добуш берүүчүлөр артисттерди кол чабуулар менен колдоп жатышты.

Карлыгаш Ахметова, «Елордо» элдик хорунун катышуучусу:

– Бүгүнкү иш-чарада өзүбүздүн жарандык милдетибизди аткаргыбыз келет. Бүгүн референдум. Биз өнөрүбүздү дал ушул Достук үйүндө тартуулоону чечтик. Ошондуктан биз кубанычтабыз. Азыр бизде бир сааттык программа бар.

Майрамдык маанайды бул жерде музыка жана атмосфера гана эмес, белгилүү коноктор да жаратат. Участкада атактуулар жана спортчулар келип, өздөрүнүн добуштарын берип, өлкө үчүн маанилүү окуяны колдошот. Алардын арасында казакстандык оор атлетчи, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Илья Ильин да бар.

Илья Ильин, казакстандык оор атлетчи, төрт жолку дүйнө чемпиону:

– Мен өз өлкөмдүн активдүү жаранымын, ар дайым ушундай иш-чараларга, референдумдарга, шайлоолорго катышам. Биз бүгүн көп улуттуу Казакстандын келечеги үчүн, ар дайым тынчтыкта, ынтымакта жашашыбыз үчүн Достук үйүндө турабыз.

Майрамдык маанай башка участкаларда да өкүм сүрүүдө. Мисалы, борбор калаадагы эң биринчи болуп саналган бул жерде жарандык милдетин аткарууга келгендердин баарына боорсок жана аба ырайынын сууктугунан жылынуу үчүн ысык чай берилип жатат. Көпчүлүгү үй-бүлөсү менен келип, баарлашып, таасирлери менен бөлүшүүдө. Ал эми добуш бергенден кийин шайлоочулар казакстандыктар өлкөнүн тагдырындагы эң маанилүү чечимди кабыл алганын, тарыхый күн тууралуу атайын көчөдөгү сүрөткө түшүүчү алкак менен эстеликке сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга бөлүшүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков