Санариптик көзөмөл астындагы курулуш тармагы

Санариптик көзөмөл астындагы курулуш тармагы

Казакстанда курулуш тармагындагы долбоорлор санариптик көзөмөл менен комплекстүү экспертизадан өтөт. Бул талаптар Курулуш кодексинде жазылганын өнөр жай жана курулуш вице-министри Куандык Кажкенов билдирди. Эске сала кетсек, Президент Касым-Жомарт Токаев бул документке үчтүн айынын 9да кол койгон. Кодекс уруксатсыз курулуштарды болтурбоо үчүн шаарлар менен айылдардын башкы планы менен долбоорлорун өзгөртүүнү чектейт. Аларга эки жылда бир жолу гана өзгөртүү киргизүүгө болот. Мындан кийин долбоорлоодон баштап макулдашууга чейинки бардык этаптар санариптик форматка өтөт жана бирдиктүү курулуш порталы аркылуу өтөт. Бул мектеп, сейил бак жана социалдык объекттерге арналган аймактарда башка курулуш кылууга жол бербейт. Курулуштун коопсуздугу менен сапатына коюлган талаптар күчөтүлөт: татаал жана социалдык маанилүү объекттер үчүн конструкцияларды милдеттүү түрдө сейсмикалык туруктуулукка сыноо, өрт экспертизасы жана мамлекеттик текшерүү киргизилет. Архитектуралык-курулуштук көзөмөлдүн ыйгарым укуктары кеңейтилип, куруучулардын жоопкерчилиги жогорулайт. Ошондой эле, турак жайга кепилдик мөөнөтү 5 жылга, кээ бир элементтерге 10 жылга чейин узартылды.

Куандык Кажкенов, Өнөр жай жана курулуш министринин орун басары:

- Мурда бизде кепилдик мөөнөтү 2 жыл болчу. Эми биз курулуш кодексинин алкагында аны 5 жылга чейин узарттык. Бирок айрым конструкциялык элементтерге 10 жылга чейин узарттык. Эгер курулуш-монтаждоо иштеринин сапатсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталса, анда аны курулуш компаниясы кайра калыбына келтирүүгө милдеттендирилет.

Которгон: Илгиз жамалбеков