Казакстанда экинчи АЭС курулат

Казакстанда экинчи АЭС курулат

Казакстанда экинчи атомдук электр станциясы курулат. Тиешелүү токтомго өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектенов кол койду. Документке ылайык, экинчи атомдук электр станциясы дагы Алматы облусунда, бирок Жамбыл районунда курулат. Токтом үчтүн айынын 26да күчүнө кирди. Белгилей кетсек, өлкөнүн түштүгүн энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун арттыруу үчүн эки атом электр станциясын тең бир аймакта жайгаштыруу чечими туура деп табылган. Эске салсак, былтыр баш оона айында Алматы облусундагы Үлкен айылынын жанында Казакстан тарыхындагы алгачкы АЭС курулушу расмий башталган. Бул долбоорду «Росатом» баштаган эл аралык консорциуму ишке ашырып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков