Президент ыктыярчылар форумунда сөз сүйлөдү

Президент ыктыярчылар форумунда сөз сүйлөдү

Астанада Ыктыярчылар форуму өттү. Аталган жыйында Казакстандын Президенти сөз сүйлөдү. Касым-Жомарт Токаев бүгүнкү өзгөчө жыйынга өлкөнүн ар бир аймагынан активдүү жаштардын чогулганын белгиледи. Мамлекет башчысы аларды коомдун жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып жүргөн Казакстандын чыныгы патриот, жаратман жана камкор жаштары деп эсептей турганын билдирди. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө Казакстанда 1 улуттук жана 20 аймактык фронт-кеңсе ийгиликтүү иштеп жатканын айта кетүү керек. Ыктыярчылардын саны дагы өсүүдө. 2020-жылы Казакстанда 50 миң ыктыярчы болсо, азыр алардын катары 300 миңге жетти.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Азыркы учурда ыктыярчыларыбыз экология, билим берүү, маданият жана башка тармактар боюнча маанилүү демилгелерди көтөрүүдө. Анын ичинде «Жаш дарак», «Эко көзөмөл», «Билим ыктыярчылары» долбоорлорун өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Ушундай иш-чараларга 100 миңге жакын ыктыярчы катышты. Ар бир демилгенин өлкөгө, коомго берер пайдасы зор. Мен сиздер сыяктуу жаратман жаштарга чоң үмүт артам. Биз баарыбыз бир эл болуп, масштабдуу иштерди аткардык. Эми токтобой, алдыга карай гана жүрүү үчүн заман агымына ылайык болуу өтө маанилүү.

Казакстандын президенти форумда ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүүгө байланыштуу 5 негизги артыкчылыкты белгиледи. Ыктыярдуулукта жаңы технологияларды кеңири колдонуу жана жаңы системалуу чараларды кабыл алуу зарылдыгына токтолду. Ошондой эле ал жарандардын экологиялык маданиятын арттыруу, корпоративдик ыктыярчылар кыймылын жана эл аралык интеграцияны өнүктүрүү милдеттери турганын айтты. Казакстан БУУ менен катар башка да маанилүү эл аралык уюмдардын алкагында ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүп жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Быйыл биздин демилгебиз менен Казакстанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ыктыярчыларынын алгачкы форуму өтөт. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөбүздөгү Эл аралык ыктыярчылар жылы «Туруктуу келечек үчүн бирге!» урааны менен өтүүдө. БУУнун колдоосу менен Астанада быйыл чын куран айында өтө турган Аймактык экологиялык саммиттин алкагында ыктыярчылар үчүн атайын сессия уюштуруу пландаштырылууда. Бул иш-чара экология тармагындагы мыкты волонтёрдук долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, Каспий деңизиндеги иш-аракеттер жумалыгы жана Арал аймагындагы жаратылышты калыбына келтирүү боюнча эл аралык волонтердук жумалык өткөрүү каралган.

Быйыл бүткүл дүйнө Эл аралык ыктыярчылар жылын белгилеп жатат. Бул демилгени Касым-Жомарт Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун 75-сессиясында көтөргөн. Республиканын сунушу дүйнөлүк масштабда колдоо тапты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков