Президент энергетика кызматкерлерин сыйлады

Президент энергетика кызматкерлерин сыйлады

Бүгүн Акордада өткөн салтанаттуу жыйында эмгек адамдарына өзгөчө урмат көрсөтүлдү. Казакстандын Президенти энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Энергетика – өлкө үчүн стратегиялык маанилүү тармак. Республика дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп албоо камында заманбап өндүрүштөрдү ачып, толук кандуу санариптештирилген мамлекетке айланууну көздөп жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Акыркы алты жылда электр энергиясын өндүрүү 16 миллиард киловатт-саатка көбөйдү. Бул Караганды облусу сыяктуу өнөр жайы өнүккөн аймактын бир жылдык керектөө көлөмүнө барабар. Учурда Казакстандын электр энергетика системасы жалпы орнотулган кубаттуулугу 25 гигаваттык жана иш жүзүндөгү кубаттуулугу 21 гигаваттык 237 электр станциясын бириктирет. 29

Энергетикалык системанын инфраструктурасы активдүү түрдө реконструкцияланууда. Буга «Тарифти инвестицияга алмаштыруу» программасы жардам берет. Мындан тышкары, өкмөт энергетикалык жана коммуналдык секторлорду модернизациялоо боюнча улуттук долбоорду баштады. Анын алкагында 5 жылдын ичинде 86 миң чакырым тармак жаңыланат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Казакстандын энергетикалык дараметин чыңдоо – артыкчылыктуу милдет. Быйыл батыш аймактардын электр тармактарын күчөтүү боюнча уникалдуу долбоор аяктайт. Бул долбоор Батыш Казакстан, Атырау жана Маңгыстау облустарынын энергетикалык тармактарын бириктирет. Эми бул түйүндөрдү улуттук бирдиктүү энергетикалык системага кошуу зарыл. Биздин өлкөдө ири долбоорлор да ишке ашырылууда. Атап айтканда, Экибастуз ГРЭС-2де жаңы энергоблоктор курулат. Мындан тышкары, үчүнчү ГРЭСтин курулушу башталат. Бул объекттердин ишке киргизилиши өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга мүмкүндүк берет. 39

Мындан тышкары, кийинки жылы Кызылорда жана Түркестан облустарында буу-газ орнотмолору бар электр станциялары толук иштей баштайт. Жаңы объекттер 2035-жылга чейин 26 гигаваттан ашык электр энергиясын өндүрөт. Бирок дарамет мындан да жогору. Бул мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу кажет. Мисалы, «таза көмүр» технологиясына өтүүнү тездетүү керек. Өлкөнүн жер казынасы аталган чийки зат коруна бай. Жыл сайын 110 миллион тоннадан ашык көмүр өндүрүлөт. Президент атом станциясынын курулушун баштоо тууралуу стратегиялык чечимдин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Балкаш атом электр станциясынын, андан кийин экинчи атомдук станциянын курулушу Казакстандын энергетикалык дараметин арттырат. Ошондой эле, өзөктүк энергетика сыяктуу маанилүү тармакта жаңы багыттардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Казакстандын энергетикалык картасында атом станциясынын пайда болушу биздин өлкөнүн экономикасынын жаңы, ары сапаттуу деңгээлге өткөнүн билдирет. 24

Президент Касым-Жомарт Токаевдин колунан энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн инженерлер, электромонтёрлор, операторлор жана машинисттер жогорку мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков