Мыйзам жана тартип
мамлекеттик саясаттын негизги принциби катары кабыл алынышы керек. Бул принципти
жаңы Конституцияга сөзсүз киргизүү зарыл. Бул тууралуу Казакстандын Президенти
Башкы прокуратуранын кеңешинде айтты. Касым-Жомарт Токаев укук коргоо тутумун
санариптештирүү процесси бирдей эмес, ар кайсы жерде ар кандай жүргүзүлүп
жатканына көңүл бурду. Буга байланыштуу Өкмөткө колдонуудагы бардык санариптик
чечимдерди талдап, текшерип, алардын натыйжалуулугун арттырууну жана бирдиктүү
санариптик экосистема түзүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы жарандардын жеке
маалыматтарын коргоо үчүн бул иш менен системалуу түрдө алектенүү керектигин
белгиледи. Ошондой эле, киберкылмыштуулук менен күрөшүү ыкмаларын түп-тамырынан
бери кайра карап чыгуу зарылдыгына токтолду. Президент миграция процесстерин
жапырт санариптештирүүнү да өтө актуалдуу маселе катары атады. Казакстан –
башка өлкөлөргө өтүүгө да, туруктуу жашоого да ыңгайлуу мамлекет. Мамлекет
башчысы өлкөгө келген чет элдик жарандарды өз убагында эсепке алуу каражаттарын
өркүндөтүү – өтө маанилүү милдет экенин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

