Оксфорд университети Өзбекстан менен кызматташтыгын кеңейтүүдө. Ташкентте академиялык платформа ачылды. «Oxford Hub» республиканын жогорку билим берүү системасы үчүн гана эмес, Борбор Азия үчүн да маанилүү окуя болду. Улуу Британиянын эң эски ЖОЖунун борбору Жаңы Өзбекстан университетинин базасында ишке кирди. Серепчилердин айтымында, долбоорду ишке ашыруу илимий-билим берүү кызматташтыгын сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга, өзбек ЖОЖдорунун глобалдык академиялык мейкиндикке системалуу интеграциясын камсыздоого, ошондой эле биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, билим берүү программаларын, академиялык алмашууларды жана илимий инфраструктураны өнүктүрүү боюнча консультацияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Баходир Ахмедов, «Жаңы Өзбекстан»
университетинин проректору:
– Бул хаб бардык университеттерге, билим берүү системасынын баарына Оксфорд университетинин жана башка университеттердин алдыңкы серепчилерине жана профессорлоруна жетүү мүмкүнчүлүгүн ачат. «Oxford Hubдын» жардамы менен биз студенттердин,
профессорлордун академиялык мобилдүүлүгүн гана эмес, ошондой эле бул тармактагы
алдыңкы окумуштууларды чет өлкөлөрдөгү реформаларды изилдөөгө жана айтып
берүүгө тарта алабыз.
Джон Олдердайс, Улуу Британиянын
Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода элчиси:
– Баарынан мурда, бул демилге айрым изилдөөчүлөргө, профессордук-окутуучулук курамга жана педагогдорго түздөн-түз
өз ара аракеттенүү, кесиптик байланыштарды түзүү жана илимий-билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

