Өзбекстанда алгачкы толук метраждуу 3D-мультфильм тартылды

Өзбекстанда алгачкы толук метраждуу 3D-мультфильм тартылды

Өзбекстанда азыр анимация активдүү өнүгүүдө. Серепчилердин айтымында, жергиликтүү студиялардын иштеринин сапаты эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул дүйнөлүк аналогдор менен атаандашууга мүмкүндүк берет. Мунун баары сапаттуу 3D-тасмаларды чыгарган студиялардын ийгиликтеринин аркасында болууда. Эгерде көп жылдар бою республиканын киноиндустриясында анимация негизинен кыска метраждуу иштер форматында жана чектелген мүмкүнчүлүктөрдө өнүгүп келсе, бүгүнкү күндө абал түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Өлкөнүн кинотеатрларында жарык көргөн «Сехрландия» толук метраждуу мультфильми чыгармачыл топтун жетишкендиги гана эмес, өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр үчүн сапаттуу иштерди жаратууга болгон системалуу мамиленин натыйжасы. Бул багытта Балдар контентин өнүктүрүү борбору чоң иштерди алып барууда. Мультфильмдин сюжети фантастикалык окуялар аркылуу жакшылык менен жамандыктын ортосундагы күрөштү чагылдырып, балдарга достуктун жана жоопкерчиликтин маанилүүлүгү сыяктуу жөнөкөй, бирок маанилүү жашоо баалуулуктарын жеткирет.

- Абдан сонун, мага аябай жакты. Суперкаармандар – алардын кантип өзгөргөнү, убакыт машинасы. Позитивдүү, шайыр. Мен досторумду чакырам. Мультфильм абдан сонун. Графикасы абдан жакшы. Сапаты абдан мыкты.

- Абдан сонун болуптур. Мен бул мультфильмди досторума көрүүнү сунуштайм. Анткени ал жакшылыкка, бардык жакшы нерселерге үйрөтөт, бири-бирине жардам берүүгө үйрөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков