Өзбекстан-Казакстан: Суу тармагындагы кызматташтык бекемделет

Өзбекстан-Казакстан: Суу тармагындагы кызматташтык бекемделет

Казакстан менен Өзбекстан суу тармагында өз ара кызматташтыкты чыңдоого ниеттенүүдө. Буга байланыштуу тараптар Сырдарыя дарыясында автоматташтырылган гидробекеттерди орнотуу долбоорун колго алат. Ар бир өлкөнүн аймагында бештен объект салынат. Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун колдоосу менен иштелип чыккан бул долбоор транс чек аралык сууну бөлүштүрүүнүн ачыктыгын жана тактыгын камсыз кылууга багытталган. Учурда бул долбоор боюнча техникалык тапшырманы иштеп чыгуу иштери аяктады. Бул тууралуу эки мамлекеттин тармак башчыларынын катышуусу менен Түркестанда өткөн казак-өзбек биргелешкен жумушчу топторунун кезектеги отурумунда белгилүү болду. Ошондой эле жыйында эки тарап сууну үнөмдөө технологияларын киргизүү жана пайдалануу жаатында тажрыйба алмашууга макулдашты. Быйыл былтыр биргелешип колго алынган «Достук» каналын тазалоо жана башкы курулуш жайларын оңдоо иштери улантылат. Эске сала кетсек, өткөн жылы эки өлкөнүн башчыларынын катышуусу менен суу объекттерин биргелешип башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу тууралуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Тараптар бул документ Борбордук Азиядагы суу дипломатиясын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоруна ишенимдүү.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:

- Аймактын суу ресурстары айкын транс чек аралык мүнөзгө ээ. Бул учурда акыркы жылдары аймак өлкөлөрү мыйзамдык негизде улуттук суу стратегиясын жаңыртты. Биз жаңы Суу кодексин кабыл алдык, мындай документ Кыргызстанда да мыйзамдуу күчкө ээ. Ошондой эле Тажикстандын Жаңы суу кодекси менен иштеп жатканын билебиз. Мындай шартта улуттук реформалар бири-бирин толуктап, ар бир өлкөдөгү алдыңкы ыкмаларды шайкеш келтирүү максатында иштеши керек. Бул учурда негиздемелик конвенция кызматташтыктын жалпы түшүнүктүү жана ийкемдүү принциптерин, атап айтканда, суу эсебинин ачыктыгын, маалымат алмашууну камтышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков