Элдик кеңеш – жалпы улуттук диалог платформасы

Элдик кеңеш – жалпы улуттук диалог платформасы

Жаңы жогорку консультативдик орган – Элдик кеңеш - Улуттук курултайдын жана Казакстан элдери Ассамблеясынын тажрыйбасын бириктирет. Ага ылайык, анда бардык этностордун, калк топторунун жана региондордун өкүлдөрү болот. Бул тууралуу өлкө Президенти белгиледи. SARAP серепчилик клубу Элдик кеңешке төраганы шайлоого тийиш болгон эң абройлуу жана активдүү коомдук ишмерлер кириши керек деп эсептейт. Мындан тышкары, жаңы орган мыйзам чыгаруу демилгелерин көтөрүүгө укук алат. Мындай ыкма жарандардын чечим кабыл алуудагы ролун күчөтөт.

Жулдызай Искакова, Казакстандын Коомдук өнүгүү институту башкармалыгынын төрайымы:

- Маанилүүсү, бийлик менен коомдун ортосунда маалымат жеткирүү жана алмашуу үчүн кошумча курал болуп кызмат кылган олуттуу институттардын түзүлүшү. Биз бүгүн кандайдыр бир жалпы позицияларды иштеп чыгуу, пикир алмашуу жана жаңы комиссиянын жумушчу органы болуп саналган Конституциялык сотко кеңештин зарыл болгон кандайдыр бир сунуштарын жөнөтүү үчүн чогулдук.

Мажилис депутаты Юлия Кучинская дагы Элдик кеңеш коомдук пикирди билдирүүнүн кошумча институту болот деп эсептейт. Ал эми дал ушул аянтчада идеялар конкреттүү мыйзамдарга айланат.

Юлия Кучинская, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Бул жерде бизде мамлекеттик деңгээлдеги консультативдик-кеңеш берүүчү орган мыйзам чыгаруу демилгелерине ээ болот. Бул абдан маанилүү. Бул жөн гана сунуштар эмес, мыйзамдарга конкреттүү сунуштар болот. Бул абдан чоң жоопкерчилик. Өкүлчүлүк жагынан да бул абдан маанилүү учур. Менин оюмча, этномаданий бирикмелердин 42 мүчөсү 5 кишилик квотадан көп. Бул чындыгында региондор жана региондордо жайгашкан этномаданий бирикмелер үчүн угулууга чоң мүмкүнчүлүк.

Которгон: Илгиз Жамалбеков