Өзбекстан ДСУга кирүүгө даярданууда

Өзбекстан ДСУга кирүүгө даярданууда

Өзбекстанда карантиндик өнүмдү экспорттоо жана импорттоодон баштап, талаа мониторингине жана зыянкечтерге каршы күрөшүүгө чейин фитосанитардык көзөмөлдүн негизги процесстери санариптештирилди. «E-FitoUz» маалыматтык платформасы ePhyto Solutions эл аралык системасына интеграцияланып, 100дөн ашык өлкө менен электрондук документ жүгүртүүнү жолго салууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул жеткирүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатып, жасалма фитосанитардык сертификаттарды аныктап, кызматтарга өнүмдөр тууралуу алдын ала маалымат берет. Ошол эле учурда, чек арадагы инфраструктура күчөтүлүүдө. Бүгүнкү күндө ондогон чек ара пункттары өсүмдүктөрдүн карантини үчүн модернизацияланды. Мындан тышкары, лабораториялардын иши эл аралык талаптарга ылайык келтирилди.

Дилафруз Арифханова, Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин агенттиги мүдүрүнүн кеңешчиси:

- Карантин боюнча агенттик чек ара пункттарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоону, аларды реконструкциялоону, керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну карайт. Бүгүнкү күндө өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 76 чек ара пункту кайрадан жабдылды. Мындан тышкары, 500дөн ашуун чек ара пунктунун кызматкери эл аралык программалардын алкагында квалификациясын жогорулатты. Натыйжада система жакшырып, фитосанитардык көзөмөл убактысы кыскарды.

Экспортко өзгөчө көңүл бурулууда. Заманбап фитосанитардык процедуралар өнүмдүн эл аралык талаптарга шайкештигин алдын ала тастыктоого жана партиялардын кайтып келүү коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет. Бул Өзбекстандын ДСУга кирүүгө даярдануусунун алкагында маанилүү. Экспертизалар Борбордук фитосанитардык лабораторияда жүргүзүлөт – ал эл аралык аккредитацияга ээ жана заманбап жабдуулар менен жабдылган. Мындан тышкары, республиканын мыйзамдарына да бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Белгилей кетсек, өткөн жылы Өзбекстандын азык-түлүк экспорту 3 миллиард доллардан ашты. Өнүмдөр 83 өлкөгө жеткирилген.

Гайрат Ергашев, Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин агенттигинин жооптуу кызматкери:


- Өзбекстандын ДСУга кирүү процессине фитосанитария тармагындагы серепчилер тартылган, алардын катышуусу менен терминдердин сөздүгү, улуттук мыйзамдар кайра каралып чыкты. Бул ДСУга мүчө өлкөлөр менен кесиптик диалог жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, эл аралык стандарттар «Өсүмдүктөр карантини жөнүндө» мыйзамга киргизилген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков