Сакен Арубаев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Бул – рыноктук шарттарга салыштырмалуу, өзгөчө капиталды көп талап кылган
жана узак мөөнөттүү долбоорлор үчүн өтө ыңгайлуу шарт болуп эсептелет. Мындан
тышкары, ОПЕК фондунан бөлүнгөн каражаттын жумшалышы жана инвестициялык
программаларынын аткарылышы катуу көзөмөлдө болору макулдашылган. Мыйзамды
кабыл алуу каржы тартуу булактарынын кеңейишине, араб өлкөлөрүнүн эл аралык
каржы институттары менен кызматташтыгынын чыңдалышына, инвестициялык абалдын
жана өлкөнүн эл аралык беделинин жогорулашына мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

