Казакстан ЮНЕСКОнун тизмесин кеңейтүүнү көздөөдө. Бул
багытта активдүү иштер жүрүп жатат. Тизмеге Маңгыстаудагы жер астындагы
мечиттер, ошондой эле Фергана-Сырдарыя коридору кириши мүмкүн. Маданият жана маалымат
министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстан 2025-жылы Үстирт дөңсөөсүн жана
Маңгыстау облусундагы аңчылыкка арналган тузак-арандарды дүйнөлүк мурастар
тизмесине сунуштаган. Мындан тышкары, дагы үч объектти номинациялоо иши жүрүп
жатат. Алар – Вознесенск чиркөөсү, Жаркент мечити жана Каратау кырка тоосундагы
петроглифтер. Улуттук курултайдын жыйынында Президент Касым-Жомарт Токаев
акыркы эки объектке өзгөчө көңүл бурду. Мамлекет башчысы мындай баа жеткис
археологиялык жана маданий эстеликтер улуттук каада-салттар менен катар
дүйнөлүк таанууга татыктуу экенин баса белгиледи.
Гаухар Сарсекова, Маданият жана
маалымат министрлигинин Тарыхый-маданий мурастарды башкаруу башкармалыгынын
башкы серепчиси:
- Биздин объекттердин ЮНЕСКОго
көрсөтүлгөнү – бул албетте дүйнөлүк таануу. Бул мындан ары аталган объекттерди
сактоо эл аралык деңгээлде болорун билдирет. Мисалы, Кожа Ахмет Яссауинин
күмбөзү. Биз жыл сайын ЮНЕСКОго анын абалы тууралуу отчёт берип турабыз. Биз канчалык
көп объекттерди көрсөтсөк, дүйнө жүзү биздин тарыхый объекттер жөнүндө
ошончолук көп билет деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

