Парламенттик
реформа өлкөнүн бүткүл саясий системасын кайра карап чыгууга жол ачат. Бул
тууралуу Мажилистин төрагасы Мамлекет башчысынын демилгелери тууралуу айтып
жатып, парламенттин төмөнкү палатасынын жыйынында билдирди. Ерлан Кошановдун
айтымында, реформалар улуттук деңгээлде институционалдык трансформацияны ишке
киргизип, бийлик архитектурасын кайра жүктөөгө багытталган. Негизги чечим бир
палаталуу парламентти түзүү болуп саналат, бул саясий жоопкерчиликти, партиялардын
ролун жана мыйзам чыгаруу процессинин натыйжалуулугун жогорулатат. Парламентти пропорционалдык система
боюнча түзүү көп партиялуулук жана мыйзам чыгаруу бийлигинин автономиясы
принциптерин бекемдейт.
Ерлан Кошанов, парламент
мажилисинин төрагасы:
– Азыр
Мажилисте 6 фракция иштейт. Биз көп партиялуу шарттарда иштөөнүн баалуу
тажрыйбасын топтогонбуз. Бул тажрыйбалар пропорционалдык система боюнча түзүлө
турган келечектеги бир палаталуу Парламенттин негизи болушу керек. Ошол эле
учурда Мамлекет башчысынын президенттик квотадан баш тартышы, Казакстан Элдери
Ассамблеясынын квотасынын жоюлушу Парламентке толук автономия берүүнү билдирет.
Биз реформаны элибиздин кеңири колдоосун көрүп жатабыз. Бул либералдык демилге
эл аралык саясий уюмдар тарабынан бир беткей колдоого алынып, дүйнөлүк
тажрыйбага жана глобалдык конвенцияларга толук шайкеш келиши маанилүү. Бир сөз
менен айтканда, ата мекендик парламентаризмдин тарыхында тайманбас жана
демократиялык кадамдар жасалууда.
Мажилистин спикери Президенттин келечектеги Парламентти
Курултай деп атоону сунушу тарыхый салттарды жана өлкөнүн тагдыры үчүн
жоопкерчиликти билдирерин белгиледи. Ерлан Кошановдун айтымында, алдыда бардык
депутаттардын жана фракциялардын катышуусунда масштабдуу мыйзам чыгаруу иштери
күтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

