Өзбекстандын Президенти телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Мамлекет башчысын жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Шавкат Мирзиёевдин айтымында, референдумдун жыйынтыгы жарандардын Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларга болгон ишенимин көрсөттү. Казакстандын Президенти маектешине колдоосу үчүн, ошондой эле Өзбекстандан байкоочулар миссиясын, анын ичинде эл аралык уюмдардын курамында жибергени үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал жаңы Конституция мамлекеттин туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталганын белгиледи. Тараптар ошондой эле казак-өзбек мамилелеринин оң динамикасын баса белгилеп, бардык деңгээлде өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты. Мындан тышкары, лидерлер аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

