Казакстан Элинин Ассамблеясынын креативдүү чечимдер
платформасы түзүлөт. Ал түзүмдүн чыгармачылык долбоорлорун бириктире турган
уникалдуу аянтчага айланат. Өнөр менен жасалма интеллектти айкалыштырган жаңы
демилге келерки жылдын алгачкы жарымында тааныштырылат. Санариптик системада
алдыңкы технологиялардын жардамы менен фольклорду визуалдаштыруу, комикс,
видеоконтент өндүрүшү, музыка, кол өнөрчүлүк буюмдарын жыйноо көздөлүүдө.
Максат - КЭАнын иши менен өлкөнүн ынтымак моделин кеңири жайылтуу.
Куралай Түспекова, КЭА чыгармачылык топторунун
ассоциациясынын төрагасы:
- Биздин тажрыйбабызга дүйнөлүк маданий коомчулуктун
кызыгуусу жогору. 150дөн ашуун мамлекет мүчө CIOFF эл аралык дүйнөлүк
фольклордук фестивалдар федерациясынын эки иш-чарасына катышып, биздин улуттар
аралык келишим моделин тааныштырдык. Борбордук Азияда өзүбүздүн моделибизди
жайылтуу багытында кошуналарыбыз менен тыгыз байланыш орноттук.
Быйыл ассамблеянын жумушу эл аралык деңгээлде ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-кеңсесинде тааныштырылды. Анда жаштар арасындагы этностор аралык мамилени чыңдоого басым жасала турганы айтылды. Бул учурда «Жаш толкун» долбоору колго алынды. Ал коомдо экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган. Бүгүнкү күндө «Студенттик ассамблея» өлкөдөгү 100гө жакын колледж менен жогорку окуу жайларында ачылып жатат.
Тимур Жумурбаев, «Ассамблея жаштары» республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы:
- Келечекте дагы Жүргенов атындагы университет, Шабыт
университети сыяктуу чыгармачылык илимий мекемелер менен өнөктөштүк чөйрөсүн
кеңейтүүнү пландаштырып жатабыз. Ошондой эле, чыгармачылыкты өнүктүрүүчү чет
элдик өнөктөштөр менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун караштыруудабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

