Казакстандын жаңы Конституциясы – чет элдик эксперттердин көңүл борборунда

Казакстандын жаңы Конституциясы – чет элдик эксперттердин көңүл борборунда

Чет өлкөлүк саясат таануучулар Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорун талкуулашууда. Серепчилер алдыдагы референдум өлкөнүн саясий өнүгүүсү үчүн маанилүү учур болорун айтышат. Ошондой эле аны эл аралык чакырыктарга ыңгайлашуу үчүн негизги курал катары карашат. Азербайжандык саясат таануучу Орхан Йолчуев жаңы Баш мыйзам Казакстанга укуктук кепилдиктерди күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн айтат. Бул өз кезегинде инвесторлор үчүн жагдайдын кыйла болжолдуулугун арттырып, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ал өлкөнүн акыркы ондогон жылдар бою туруктуу өнүгүп келе жатканын да белгиледи. Бул өзгөрүүлөр узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыздай аларын маалымдайт.

Орхан Йолчуев, Caspia талдоо борборунун мүдүрү: /Азербайжан/

– Өлкө саясий түзүлүшүн кайрадан толук ойдон өткөрүү мезгилине кадам таштады. Бул процесс Казакстандын орто деңгээлдеги мамлекет катары өнүгүп келе жаткан шартында жүрүп жатат. Эгерде кеңири алып карай турган болсок, колго алынган реформа Казакстандын акыркы бир нече жылда жүргүзгөн ишинин татыктуу уландысы десек болот. Ушунун баары жаңыртууга, ачыктыкка багытталган.

Гарвард университетинин профессору Рахметолла Закарья жаңы Конституция интеллектуалдык лидерликке, технологиялык жаңыланууга жана өлкөнүн туруктуулугуна багытталганын айтат. Ошондуктан, Баш мыйзам дагы убакыттын талабына ылайык жаңыланып, коомдун жаңы муктаждыктарына жооп бериши өз убагында жасалган кадам деп эсептейт. Конституциялык нормалар илимий чыгармачылык эркиндигине кепилдик берет. Ошондой эле изилдөөгө шарт түзүү жоопкерчилигин мамлекетке жүктөйт. Талдоочу жаңы Баш мыйзам билим берүүнү өнүктүрүү, жогорку окуу жайлары менен изилдөө борборлорун колдоо үчүн узак мөөнөттүү пайдубал түптөй турганын билдирди.

Рахметолла Закарья, Гарвард университетинин чакырылган профессору: /АКШ/

– Бул өзгөчө жаш окумуштуулар үчүн абдан маанилүү. Өлкөдө туруктуу гранттар, илимий мектептерди колдоо жана чет элдик өнөктөштөр менен иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек. Эгерде илимди өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыгына айланса, анда жаш изилдөөчүлөрдү колдоо бир жолку демилге болуудан калат, демек, таланттуу адистер өз өлкөсүндө келечегин куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков