Казакстандын Президенти иш сапары менен Вашингтонго келди

Казакстандын Президенти иш сапары менен Вашингтонго келди

Казакстандын Президенти жумуш сапары менен Вашингтонго барды. Касым-Жомарт Токаев АКШда жашаган жана билим алып жаткан Казакстандын жарандары менен жолугушту. Маектешүү учурунда мамлекет башчысы өсүп келе жаткан муунга чоң үмүт артарын айтты. Ошондой эле мамлекет жаштарга дайыма колдоо көрсөтүп, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана жөндөмдүүлүгүн арттырууга ыңгайлуу шарт түзөрүн билдирди. Президент жалган куран айында Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча өтө турган жалпы элдик референдумдун өлкөнүн келечеги үчүн тарыхый мааниси зор экенине көңүл бурду. Өз кезегинде студенттер жана жаш изилдөөчүлөр илим жана билим тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөнү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдиришти. Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Тынчтык кеңешинин алгачкы отурумуна катышат. Ошондой эле сапардын алкагында мамлекет башчысы америкалык ири компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков