Казакстан менен
АКШнын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты андан
ары чыңдоо. Касым-Жомарт Токаев Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Джули Стаффт
менен өлкөлөрдүн өз ара мамилесинин мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Мамлекет
башчысы эки тараптуу кызматташтыктын ыкчам өнүгүп жатканын белгиледи. Джули
Стаффт президент Дональд Трамптын ыраазычылыгын жана каалоолорун жеткирип,
Кошмо Штаттардын Казакстан менен кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү ар
тараптуу өнүктүрүүгө умтуларын айтты. Элчи өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий
реформаларга оң баа берип, жаңы Конституция долбоору боюнча жалпы элдик
референдумдун ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Маектешүү учурунда
Тынчтык кеңешинин алкагындагы мамилелердин мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

