Казакстандын мамсимволдору Арктикадагы дүйнөлүк архивде сакталуу

Казакстандын мамсимволдору Арктикадагы дүйнөлүк архивде сакталуу

Казакстандын туусу, герби жана гимни түбөлүк тоңдун жүрөгүндө сакталууда. Өлкөнүн мамлекеттик символдорунун санариптештирилген файлдары Шпицберген архипелагындагы Арктикалык дүйнөлүк архивге жайгаштырылган. Символдор  ал жакка 2021-жылы өткөрүлүп берилген. Белгилей кетсек, Казакстан Борбордук Азиядагы адамзаттын санариптик эс тутумунун эң корголгон сактагычтарынын биринде мамлекеттик символдору көрсөтүлгөн жалгыз өлкө. Бүгүнкү күндө архивде Ватикан китепканасынан тартып Европа космос агенттигине чейин 30дан ашык өлкөнүн 100дөн ашык материалы сакталууда. «Маалымат бункери» деп аталган бул жайдын милдети - дүйнөнүн санариптик эс тутумун миңдеген жылдарга сактоо. Бул үчүн Piql атайын технологиясы колдонулат. Анын уникалдуулугу - автономдуу система киберчабуулдарга жана санариптик коркунучтарга туруктуу болушунда.


Руне Бьёркестранд, Arctic World Archive негиздөөчүсү:


- Бүгүнкү күндө маалыматтар көптөгөн тобокелдиктерге дуушар болууда. Келечекте кайсы маалыматтар сакталып каларына эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан бул жер маалыматтын убакытка жана технологиялардын эскиришине карабастан сакталышын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков