Казакстандын ички дүң өнүм 2025-жылы 6,5% өстү

Казакстандын ички дүң өнүм 2025-жылы 6,5% өстү

Казакстандын ички дүң өнүмү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 6 жарым пайызга өстү. Алдын ала маалыматтарды Улуттук статистика бюросу жарыялады. Өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө негизги салымды өнөр жай, транспорт, курулуш жана соода тармактары кошту. Мында транспорт тармагы эң чоң өсүштү көрсөттү - өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөр 20 жарым пайызга жакын болду. Бул жүк ташуулардын, биринчи кезекте автоунаа жана темир жол аркылуу ташуулардын көбөйүшүнүн эсебинен болду, деп белгилешет Улуттук статистика бюросунда. Өсүштүн натыйжасында аэропорттордун, кампалардын жана сактоочу жайлардын, ошондой эле муздатылган жүктөрдү, данды сактоо боюнча кызматтардын көлөмү да көбөйдү. Өткөн жылы Казакстанда инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор активдүү ишке киргизилген – бул курулуш тармагына таасирин тийгизди. Бул жерде өсүү болжол менен 16% түздү. Ал эми жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн индекси 7,4% түздү. Мында кайра иштетүү сектору 6,4% деңгээлинде туруктуу өсүштү көрсөттү. Унаа жасоо, химиялык өнөр жай жана мунайды кайра иштетүү өнүмдөрүн  өндүрүү да бир топ көбөйдү. Жалпысынан, экономиканын өнүгүү темпи негизги тармактардын туруктуу өнүгүүсүн чагылдырат.  Казакстан дүйнөдөгү эң ири 50 экономиканын катарына кирген Борбор Азиядагы жалгыз өлкө болуп саналат. Мындан тышкары, республика реалдуу ИДӨдүн орточо жылдык өсүү темпи боюнча алдыңкы бештикке кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков