Казакстандын экономикасы өстү

Казакстандын экономикасы өстү

11 айда Казакстан экономикасынын өсүшү 6,4% түздү. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү Өкмөттүн жыйынында талкууланды. Реалдуу өндүрүш сектору кызмат көрсөтүү тармагынан 8% ашык. Айыл чарба тармагы 6%дан ашык өсүүгө жетишкен. Негизги өсүү драйверлеринин катарында транспорт ташуу, курулуш жана өнөр жай бар. Экономикалык өсүштүн маанилүү механизми инвестиция болууда. Тиешелүү түрдө негизги капиталга салынган каражаттын көлөмү 13% жогору, башкача айтканда, 18 трлн теңгеден ашкан. Оң соода балансы да сакталып келет, бул экономиканын туруктуулугун айгинелеп, алдыдагы өнүгүүгө негиз болот.

Серик Жумангарин, Улуттук экономика министри:

- Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-тогуздун айларында тышкы соода жүгүртүү 116,3 млрд долларды түздү. Товарлардын экспорту 64,6 млрд долларды, анын ичинде кайра иштетилген товарлардын экспорту 23,3 млрд долларга жетти. Товарлардын импорту 51,7 млрд доллар. 12,9 млрд доллардан ашык көлөмдө оң соода балансы сакталууда. Кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүш 5,9% өстү.

Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Олжас Бектенов тармак жетекчилерине бир катар милдеттерди жүктөдү. Айыл чарбасында жергиликтүү өндүрүштү жана чийки затты кайра иштетүү багыттарын стимулдаштыруу, өнөр жай тармагында инвестиция көлөмүн кайра карап чыгуу, жаңы технологияларды өздөштүрүү жана локализация деңгээлин арттыруу, ошондой эле экспорттук дараметти кеңейтүү зарыл.

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:

- Быйыл жаңы өндүрүштөр ишке киргизилип, буга чейин өлкө аймагында өндүрүлбөгөн товарлар чыгарыла баштады. Өнөр жай, Каржы министрликтерине «Самрук-Казына» фонду жана Монополияга каршы мекеме менен биргеликте, мамлекеттик сатып алуу алкагында окшош импорттук товарларды алып салуу маселесин бышыктоону тапшырам. Бул ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө кошумча колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Өнөр жай министрлигине аймак акимдери менен биргеликте, ушул жылдын аягына чейин кийинки жылга арналган долбоорлордун жаңы тизмесин калыптандырууну аяктоону тапшырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков