Чет элдик басылмалар Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Улуттук
курултайда айткан реформаларына пикирлер менен аналитикалык макалаларды жарыялоону
улантууда. Мисалы, Belsat басылмасы өлкөдөгү саясий системанын модернизацияланышы
бийликтин калк алдындагы отчёттуулугун жана парламенттик институттардын
натыйжалуулугун арттырууга багытталганын белгилейт. Беларустук ЖМКнын
пикиринде, Мамлекет башчысы сунуштаган реформалар Казакстандын мамлекеттик
башкаруунун тең салмактуу моделин курууга болгон так умтулуусун чагылдырат.
Ал эми Пакистандын MENAFN басылмасы Президенттин демилгелеринин тажрыйбалык
жагына көңүл бурат. Басылма Казакстандын Президентинин ири энергетикалык долбоорлор
курулушун тездетүүгө чакырганын белгилеп, аларды улуттук энергия системасынын
туруктуулугу үчүн өтө маанилүү деп көрсөттү. Сөз Көкшетау, Семей жана Өскеменде
жаңы ЖЭБ куруу, Курчатов шаарындагы электр станциясын аяктоо, ошондой эле
Экибастуз ГРЭСиндеги жаңы кубаттуулуктарды кеңейтүү жөнүндө болуп жатат. Серепчилердин
пикиринде, мындай ыкма реформалардын саясий өзгөрүүлөргө гана эмес, конкреттүү
социалдык-экономикалык натыйжага багытталганын көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

