Казакстанда жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар
мамлекеттин туруктуулугун жана институционалдык стабилдүүлүгүн чыңдоого
багытталган. Бул тууралуу Назарбаев Университетинин профессору Юлай Шамильоглу
Мамлекет башчысынын Улуттук курултайда саясий системаны модернизациялоо
алкагында көтөргөн демилгелерине байланыштуу пикирин айтып жатып билдирди. Анын
айтымында, вице-президент институтун киргизүү жана бир палаталуу парламентке
өтүү мүмкүнчүлүгү эл аралык тажрыйбага ылайык келет жана мамлекеттик
башкаруунун натыйжалуулугун жогорулата алат. Ал ошондой эле, Казакстандын
Борбордук Азиядагы алдыңкы мамлекеттердин бири катары ролун белгилеп, өлкөнүн
көп векторлуу тышкы саясатка жана эл аралык өнөктөштөр менен диалогго
багытталган курсуна берилгендигин айгинелейт деген пикирде.
Юлай Шамильоглу, Профессор:
- Президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкөнүн саясий
системасын модернизациялоо жана жаңылоо, ошондой эле анын туруктуулугун
жогорулатуу боюнча жасаган аракеттерин жогору баалайм. Менин оюмча, алар
биринчи кезекте өлкөдөгү туруктуулукту чыңдоого багытталган. Ал эми
туруктуулук, менин түшүнүгүм боюнча, бул аймак үчүн эң маанилүү фактор болуп
саналат. Көптөгөн ушундай өзгөрүүлөр башкаруу системасынын туруктуулугун жана
натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жүргүзүлүүдө.
Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин профессору
Гавхар Юлдашеванын белгилешинче, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин
демилгеси менен башталган реформалар өлкөнүн укуктук мамлекет катары макамын
бекемдей алат. Анын айтымында, Мамлекет башчысынын Улуттук Курултайдын V
жыйынындагы сөзү системалуу жана стратегиялык мүнөзгө ээ. Талдоочу жарандардын
саясий турмушка активдүү катышуусу азыркы эл аралык тенденцияларга ылайык
келерин жана демократиянын өнүгүшү үчүн зарыл шарт экенин баса белгилейт.
Гавхар Юлдашева, Профессор, Юридика илимдеринин доктору:
- Менин оюмча, бул бүгүнкү күндөгү маанилүү
институттардын бири, анын жардамы менен биз мамлекет үчүн маанилүү чечимдерди
кабыл алууга элдин кандай мамиле кыларын так аныктай алабыз. Менимче, бул элдик
демократиянын белгилеринин бири.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

