Казакстанда өнөр
жай паркы пайда болот. Анын курулушуна ири сингапурдук Xinfa Group компаниясы
15 миллиард доллар инвестиция салууну көздөөдө. Объект Павлодар облусунда 3 миң
гектардан ашык аймакка жайгаштырылат. Бул жерде көмүр, боксит, жез, флюорит
жана акиташ сыяктуу чийки заттарды терең кайра иштетүү жолго коюлуп, жогорку
сапаттагы өнүмдөр чыгарылат. Атап айтканда, глинозем, алюминий жана жез
өндүрүүчү металлургиялык ишканаларды куруу пландаштырылууда. Өнөр жай паркында
энергетикалык инфраструктураны, анын ичинде кайра жанма энергия булактарынын
базасында түзүү көздөлүүдө. Ошондой эле сода, көмүртек материалдарын жана
экологиялык таза курулуш чечимдерин чыгаруучу ишканалар ишке киргизилет. Компания
Казакстандын ресурс базасына алдын ала талдоо жүргүздү - боксит, көмүр жана жез
кендери изилденди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

