Казакстанда мал чарбачылыгын колдоо күчөтүлөт

Казакстанда мал чарбачылыгын колдоо күчөтүлөт

Өкмөт мал чарбасын өнүктүрүүнүн Комплекстүү планын жактырды. Документ 2026-2030-жылдарга эсептелген. Анда малдын санын көбөйтүүгө, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана экспорттук дараметти кеңейтүүгө басым жасоо менен тармакты мамлекеттик колдоонун системалуу чаралары каралган. Бүгүнкү күндө мал чарбасы өлкөнүн айыл чарбасынын дүң өнүмүнүн 39% түзөт. Анткен менен өсүү темпи сектордун дараметин толук ача албайт. Планды ишке ашыруу ири мүйүздүү малдын санын 12 миллионго чейин жеткирүүгө, эт өндүрүүнү дээрлик 2 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө жана экспортту эки эсеге - 165 миң тоннага чейин арттырууга мүмкүнчүлүк берет. Асыл тукумдуу мал башын сатып алууга жылдык 6% жеңилдик менен насыя берүү программасын ишке ашыруу пландалууда. Жайыт инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн быйыл каржылоо көлөмү 50 миллиард теңгени түзгөн жылдык чени 6% менен бирдиктүү жеңилдетилген насыя берүү көздөлгөн. Ушул багытта ветеринардык объекттерди жаңылоо боюнча иштер улантылат. Мындан тышкары, Улуттук айыл чарбачылыгы каттоосунун жыйынтыктарын санарип платформаларга бириктирип, бирдиктүү эсепке алуу булагы катары колдонулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков