Казакстандын алты
аймагында топтук суу түтүктөрүн жаңылоо пландалууда. Жалпысынан гидротехникалык
курулуштарды куруу жана реконструкциялоо боюнча 12 долбоор ишке ашырылууда. Суу
ресурстары жана ирригация министрлигинин Суу чарба комитетинин төрагасынын
маалыматы боюнча, комплекстүү иштер Акмола, Алматы, Батыш Казакстан, Костанай,
Кызылорда жана Түркестан облустарында колго алынган. Арсен Жаканбаевдин
айтымында, бул долбоорлор инфраструктураны жакшыртууга, сууну коопсуз топтоого
жана ташкындоо учурунда суу каптоо коркунучун азайтууга багытталган. Ошондой
эле, жылдын аягына чейин Түркестан аймагындагы Капчагай суу сактагычын кайра
жаңылоо, ошондой эле Батыш Казакстан аймагындагы Киров суу сактагычын
капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделген. Натыйжада топтолгон суунун жалпы көлөмү 96 млн
куб метрден ашат деп күтүлүүдө.
Арсен Жаканбаев,
Суу чарбасы комитетинин төрагасы:
- Жалпысынан,
Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруунун алкагында бүгүнкү күндө тармакта
масштабдуу жаңылануулар ишке ашырылууды. Өлкөбүздүн бардык аймактарын камтыйт
жана 42 суу сактагычын курууну, 37 суу сактагычын кайра жаңылоону, ошондой эле
14,5 миң чакырым сугат каналдарын оңдоону жана кайра жаңылоону көздөйт. Албетте,
Суу чарба комитети Мамлекет башчысынын калкты 100% таза ичүүчү суу менен камсыз
кылуу зарылдыгы тууралуу тапшырмасын аткаруу милдетин биринчи орунга коёт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

