Казакстанда
санариптештирүү жана жасалма интеллект жылынын алкагында иш-чараларды ишке
ашыруу башталды. Тиешелүү министрликтен белгилешкендей, бул президент
Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмаларынын бир бөлүгү. Өлкөнүн премьер-министри
тарабынан бекитилген комплекстүү план 100 негизги иш-чараны камтыйт. Адамдык
капиталды өнүктүрүүдөн тартып жаңы санариптик экономиканы түзүүгө чейинки 8
негизги багытты камтуу пландаштырылууда. Борбордук стратегиялык документ катары
«Digital
Qazaqstan» стратегиясын иштеп чыгуу, ошондой эле ата мекендик IT-компанияларды
колдоо үчүн мыйзамдык жана салыктык демилгелердин пакети эсептелет. AI-SANA
демилгесин масштабдоо өзгөчө көңүл бурууда. Бул программа боюнча 450 миңден кем
эмес окуучу, студент жана педагог жасалма интеллект көндүмдөрүн өздөштүрөт.
Санариптик кызматтардын сапаты, анын ичинде электрондук өкмөт порталында
кеминде 75%га жогорулайт деп күтүлүүдө.
Асем Исабекова,
«УМТ» ААК корпоративтик коммуникациялар департаментинин тышкы коммуникациялар
багытынын жетекчиси:
– Электрондук
өкмөт системасына жасалма интеллект технологиясын киргизүү жарандар үчүн
мамлекеттик кызматтарды алуунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан
тышкары, бул бюрократияны азайтуу аркылуу мамлекеттик кызматкерлердин ишин
жеңилдетет. Учурда жасалма интеллект технологиялары eGov.kz порталына, eGov
Mobile тиркемесине киргизилген. Жакында Alem Cloud суперкомпьютеринин
ресурстарынын эсебинен Alem GPT платформасы иштей баштайт. Бул жарандардын
мамлекет менен өз ара аракеттенүү процессин жөнөкөйлөтүп, тездетет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

