Казакстан тынчтык Кеңешине чакыруу алды

Казакстан тынчтык Кеңешине чакыруу алды

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Дональд Трамптан Газа боюнча тынчтык Кеңешинин курамына кирүү боюнча расмий чакыруу алды. Ал эми Казакстанга жаңы бирикменин негиздөөчү мамлекеттеринин бири болуу сунушталды. Бул тууралуу Мамлекет башчысынын жардамчысы – пресс-катчысы Руслан Желдибай билдирди. Анын айтымында, Касым-Жомарт Токаев мындай чакырууну дүйнөлүк лидерлердин арасынан биринчилерден болуп алды жана Кеңештин курамына кирүүгө макулдугун билдирген жооп катын жөнөттү. Президент өз кайрылуусунда Казакстандын Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкка, мамлекеттер аралык ишенимге жана глобалдык туруктуулукка салым кошууга умтуларын баса белгиледи. Буга чейин Дональд Трамп АКШнын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык Кеңешин түзүү тууралуу жарыялаган. Ошондой эле, Дональд Трамптын чакыруусу боюнча президент Токаев 2026-жылдын аягында G20 саммитине катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков