Казакстан президенти FIS башчысын кабыл алды

Казакстан президенти FIS башчысын кабыл алды

Акордада өлкөнүн Эл аралык лыжа спорту федерациясы менен тажрыйба алмашуу, спортчуларды даярдоо, машыктыруучуларды окутуу жана калыстык кылуу багыттарындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды. Касым-Жомарт Токаев FIS президенти Йохан Элиашты кабыл алды. Мамлекет башчысы Казакстанда 85 миңден ашуун адам лыжа спорту менен туруктуу түрдө машыгып жатканын белгиледи. Өлкөдө тоо лыжасы жана лыжа жарышы комплекстери, эл аралык деңгээлдеги муз ареналары сыяктуу заманбап инфраструктуралар бар. Италияда өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына тыңгылыктуу даярдык жүргүзүлүүдө. FIS президенти казакстандыктар дүйнөнүн беделдүү мелдештеринде татыктуу өнөр көрсөтүп жүргөнүнө көңүл бурду. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев өлкөдө лыжа жана сноуборд спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Йохан Элиашты II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков