Казакстан Нооруз майрамын санариптик форматта белгилейт

Казакстан Нооруз майрамын санариптик форматта белгилейт

Быйыл Казакстанда санариптештирүү жылынын алкагында Нооруз майрамы DIGITAL форматта өтөт. Башкача айтканда, биринчи жолу өлкөдө Улустун улуу күнүн даңазалоо иш-чаралары заманбап технологиялар менен айкалыштырылат.

Бул AI-аватар - Ноорузай. Анын Ноорузбай аттуу нускасы да бар. Дал ушундай жасалма интеллект негизинде курулган стенддер Астананын негизги майрамдык аянттарында орнотулуп, акылдуу көмөкчүлөр казак жана орус тилдеринде сүйлөйт.

Алишер Батырбеков, Астана Innovations стратегиялык өнүгүү жана инновациялар департаментинин мүдүрү:

– AI-аватарлар тургундарга иш-чаралардын программалары, Нооруз майрамынын маданий өзгөчөлүктөрү, ошондой эле казак элинин каада-салттары жана маданияты боюнча кеңеш берет. Долбоор шаардын алты негизги аянтында ишке ашырылып, алгачкысы жалган куран айынын 14дө Ататүрк паркында орнотулат.

Тургундардын мындай иш-чаралардан четте калбашы үчүн атайын санариптик система иштелип чыкты. Анын жардамы менен иш-чаралардын өтүү ордун жана убактысын оңой билүүгө болот. Платформада майрамдык программалардын толук тизмеси жарыяланат. Мисалы, борбор калаада кеминде 200дөй иш-чара пландалууда. Жалпысынан алганда, быйыл Ноорузду санариптик форматта майрамдоо демилгеси өлкөнүн бардык шаарларында ишке ашырылат. Майрамдык салтанаттар  14ү — Көрүшүү күнүнөн башталат».

Алия Османова, санарип өкмөттү колдоо борборунун башкы мүдүрү:

– Ар бир шаардын тургуну өздөрүнүн аянттарына барып, биздин гуманоид роботтордун эмне экенин көрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мисалы, Алматыда боорсокторду дрондор менен жеткирүү кызматын көрсөтөт. VR технологияларынын кантип колдонулаарын көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков