Акордада Казакстандын президенти Швейцариянын вице-президенти Ги Пармелан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Касым-Жомарт Токаев анын Астанага сапары эки тараптуу күн тартибине жаңы дем берип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын билдирди.Мамлекет башчысы Казакстан Швейцарияны Европадагы маанилүү саясий жана экономикалык өнөктөш, ошондой эле 2005-жылдан бери өлкөгө 36 млрд долларга жакын каражат салган ири инвесторлордун бири катары карай турганын айтты. Президент мамлекетте болжол менен 400 швейцариялык компания жана биргелешкен ишкана иштей турганына токтолду. Өз кезегинде Ги Пармелан Швейцариянын саясий диалогду чыңдоого, инвестициялык долбоорлорду кеңейтүүгө жана экономиканын негизги секторлорунда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө ниеттүү экенин ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

