Казакстан 25 млрд доллар чет элдик инвестиция тартат

Казакстан 25 млрд доллар чет элдик инвестиция тартат

Казакстан «Инвестицияга буйрутма» калыптандыруучу проактивдүү моделге өтөт. Премьер-министр Олжас Бектенов жаңы инвестициялык циклди ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Былтыр өлкөнүн негизги капиталына салынган инвестиция 23 трлн теңгеге жакындаган. Быйыл бул көрсөткүч 31,5 трлн теңге, ал эми түз чет элдик инвестиция – 25,5 млрд доллар деңгээлинде пландаштырылды. Инвестициялык долбоорлорду коштоо иши санариптештирилип, ар бир демилгеге «онлайн» мониторинг жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө Улуттук санариптик инвестициялык платформада ишке ашыруу стадиясында жалпы улуттук пулдун наркы 74,5 трлн теңге болгон миңден ашык долбоору катталган. Өткөн жылы 273 долбоор ишке ашты. Германия, АКШ, Кытай, Катар, Орусия, Түркия жана Малайзияда «Kazakh Invest» улуттук компаниясы өкүлчүлүгүн ачты. Жалпы өлкө экономикасына тартыла турган инвестиция көлөмүн 3 эсеге көбөйтүү көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков