К. Токаев жергиликтүү IT-ишкерлерди кабыл алды

К. Токаев жергиликтүү IT-ишкерлерди кабыл алды

Жасалма интеллектти экономикага, мамлекеттик башкаруу ишине жана социалдык тармакка системалуу түрдө киргизүү. Казакстандын Президенти жергиликтүү IT-ишкерлер Ерзат Дулат жана Мурат Абдирахманов менен AI-индустриясын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Мамлекет башчысынын айтымында, Казакстан IT тармагындагы компаниялар тез арада ишке киришип, жигердүү түрдө өнүгүп, дүйнөлүк рынокко чыга турган аянтка айлануусу зарыл. Касым-Жомарт Токаев өлкөдө жасалма интеллект тармагында дүйнөлүк көчбашчы саналган компаниянын курулушу чоң ийгилик экенин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков