Касым-Жомарт Токаев Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин
төрайымын кабыл алды. Мадина Абылкасымова каржы рыногун өнүктүрүүнүн
2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Анын
айтымында, былтыр банк секторунун туруктуулугу камсыздалып, көзөмөлдүк
баалоонун жылдык цикли аяктады. Банктардын активдери 11% өсүп, 70 триллионго
жакын теңгени түздү. Жалпысынан бизнеске 17,5 триллион теңге насыя берилди. Чакан
жана орто бизнести насыялоо ишин колдоо үчүн 2025-жылдын кулжа айында «Даму» фондунун
базасында Кепилдик фонду түзүлдү. Ага 505 миллиард теңгеге насыя кепилдиктери
берилди. Мындан тышкары, каржылык алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча иштер
жүргүзүлүүдө. Мыйзамдык деңгээлде насыя берүүдө «чечим кабыл алуу
учуру» киргизилип, биринчи насыяны алууда милдеттүү түрдө жеке
катышуу белгиленип, алдамчылык учурларында насыяларды соттук жана соттон
тышкаркы тартипте жоюу үчүн негиздер кеңейтилди. Казакстандын Президенти
каржылык туруктуулукту камсыздоого, экономиканын реалдуу секторун насыялоону
көбөйтүүгө жана каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын
коргоону күчөтүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

