К. Токаев Израилдин ТИМин кабыл алды

К. Токаев Израилдин ТИМин кабыл алды

Казакстандын Президенти Израилдин Тышкы иштер министрин кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев менен Гидеон Саар жолугушууда ар кандай тармактарда кызматташтыкты жандандырууга, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани беришти. Тышкы иштер министри Израилдин Казакстан менен өз ара байланыштарды жаңы жана сапаттуу деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экенин билдирип, өлкөнүн Авраам келишимине кошулушун көрөгөч чечим деп атады. Ал эми республикада жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий, социалдык-экономикалык реформаларга жогору баа берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков