Казакстан менен Иран өз ара товар жүгүртүүнү 3 миллиард долларга чейин көбөйтүү боюнча дымактуу максат койду. Ушул жылдын 9 айында ал 310 миллион доллардан ашты. Бул 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик жарым эсеге көп. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы казак экспорту болуп, айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүү аркылуу дээрлик үч эсеге көбөйдү. Иран өз кезегинде Казакстанга сүт азыктарын, картошка жана желимден жасалган буюмдарды жөнөтөт. Бизнес-кооперация дагы кеңейүүдө - бүгүнкү күндө өлкөдө ирандык капиталдын катышуусу менен 658 компания катталган.
Мирас Жиенбаев, Саясат таануучу, MNU башкармалыгынын
төрагасынын эл аралык байланыш жана демилгелер боюнча кеңешчиси:
- Биздин соода-экономикалык мамилелерибиздин өсүү
динамикасы Ирандын аймагына казак экспорту менен шартталган. Башкача айтканда,
бул казак өнүмдөрүн керектөө, Иран рыногунда суроо-талапка ээ болгон тигил же
бул товарларды жеткирүү. Бул өлкө үчүн түшүнүктүү түз экономикалык мүмкүнчүлүктөр.
Үч миллиарддык дымактуу босого – негизинен, Казакстандын экономикасынын
экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ага жетүүгө болот.
Эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыты логистика
болуп саналат, тагыраак айтканда, мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүү.
Бүгүнкү күндө Казакстан менен Иран Борбордук Азияны Перс булуңу жана Индия
океаны менен байланыштырган «Түндүк-Түштүк» эл аралык коридорунун түштүк
бутагын түзүүдө. Бул маршруттун негизги түйүндөрү болуп ирандык Бендер-Аббас
порту жана казакстандык Актау эсептелет. Мындай байланыш эки мамлекеттин
бизнесине жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн дээрлик эки эсеге кыскартууга мүмкүндүк
берет. Серепчилердин баамында, жакынкы жылдары Казакстан менен Ирандын мамилеси
үч негизги багытта – логистика, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, ошондой
эле энергетика жана мунай-химия кызматташтык чөйрөсүндө активдүү өнүгөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

