Франциянын M6 телеканалында «Пекин Экспресс» популярдуу
саякат долбоорунун жаңы сезону чыкты, ал толугу менен Казакстанга арналган. Ал «Муз
жолу» деп аталып, көрүүчүлөрдү Казакстандын бай маданияты, каада-салттары жана
уникалдуу жаратылыш ландшафттары менен тааныштырат. Катышуучулар саякаттап,
баарлашуу жөндөмдүүлүгү жана тапкычтыгы боюнча ат салышат, казактын даамдуу
тамактарынан даам татышат, салттуу ырларды ырдашат, спорттун ар кандай түрлөрү
боюнча күч сынашат. Ал эми түнкүсүн жергиликтүү тургундардын коногу болуп,
казактын меймандостугу менен таанышат. Тартуу учурунда команда Астана, Алматы, Шымкент,
Бурабай жана башка популярдуу туристтик жерлерде болушту. Уюштуруучулар
айткандай, бул тажрыйба маданияттар аралык диалогго үйрөтүп, билим берүүчү
долбоорго айлантат.
Белгилей кетсек, «Пекин Экспресс» шоусу – туристтик артыкчылыктарды калыптандыруучу эң популярдуу француз теледолбоорлорунун бири. Кышкы сезон көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратат деп күтүлүүдө. Аны Францияда, Бельгияда, Монакодо жана Швейцарияда 7 миллионго чейин көрүүчү көрөт. Туризм жана спорт министрлиги программа чыккандан кийин Казакстанга туристтик агым кеминде 15%га көбөйөт деп ишенет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

