Чет элдик жана аймактык ЖМК
Казакстан Президентинин өлкөнүн саясий тутумун андан ары модернизациялоого
багытталган демилгелерин талдоодо. Басылмалардын баамында, институционалдык
өзгөрүүлөр мамлекеттик башкаруунун туруктуулугун жана натыйжалуулугун
арттырууга багытталып, аларды изилдөөгө басым жасалууда. Мисалы, кыргызстандык 24.kg маалымат агенттиги
Касым-Жомарт Токаевдин вице-президент кызматын киргизүүгө байланыштуу
демилгесине көңүл бурат. Ал ыйгарым укуктарын Мамлекет башчысы өзү белгилеген өлкөнүн
бийлик тутумундагы өзүнчө саясий инсан болот.
Ал эми «РИА Новости» агенттиги казакстандык саясат таануучу Андрей Чеботарёв менен болгон маегин жарыялады. Анда ал өлкөдө мамлекеттик бийликтин негизги институттары – президент, парламент, өкмөт ортосундагы өз ара мамилелердин жаңы системасы түзүлүп жатканын айткан. Серепчинин пикиринде, Касым-Жомарт Токаевдин демилгелери жалпы Казакстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу саясий трансформациянын максаттарына ылайык келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

