Чет элдик ЖМКлар Казакстандагы саясий реформаларды талкуулоодо

Чет элдик ЖМКлар Казакстандагы саясий реформаларды талкуулоодо

Дүйнөлүк ЖМКлар Казакстандын Президентинин V Улуттук курултайда айтылган демилгелерин активдүү талкуулоону улантууда. АКШ, Орусия, Кытай жана Германиянын массалык маалымат каражаттары Касым-Жомарт Токаевдин сунуштары системалуу мүнөзгө ээ экенин жана мамлекеттик архитектуранын масштабдуу кайра курууга багытталганын белгилешет.

Мисалы, америкалык орус тилдүү «Настоящее время» басылмасы Касым-Жомарт Токаевдин нике институтун эркек менен аялдын союзу катары мыйзамдуу түрдө бекитүү, ошондой эле салттуу баалуулуктарды жана маданий багыттарды коргоо маселелери боюнча билдирүүлөрүнө көңүл бурган.

Орусиялык басылмалар, атап айтканда «Ведомости» Казакстандын Президентинин демилгелерин масштабдуу конституциялык реформанын жана өлкөнүн бүткүл саясий архитектурасын терең кайра куруунун бир бөлүгү катары карашат. Макалада парламенттин натыйжалуулугун бир топ жогорулата турган мындай өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгү баса белгиленет.

Өз кезегинде Кытайдын Синьхуа агенттиги өлкөдө жаңы бир палаталуу парламенттин жана Конституциялык комиссиянын түзүлүшү реформалардын так, этап-этабы менен ишке ашып жатканын жана институционалдык мүнөзгө ээ экенин белгилейт.

Германиянын Deutsche Welle агенттиги серепчилердин сөздөрүн жана алардын пикирлерин келтирип, өзгөрүүлөрдү Казакстандын парламенттик институттарды чыңдоо жана демократиялык механизмдерди өнүктүрүү курсу менен байланыштырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков